Россиядагы мигранттар Ысык-Көлдүн айылдарын өнүктүрүү үчүн фонд түзүшөт

Фонддун максаты — айылдардын социалдык абалын жакшыртуу.
Sputnik

ЫСЫК-КӨЛ, 27-июн. — Sputnik. Россияда иштеп ийгилик жараткан кыргызстандык мигранттар кичи мекени Ысык-Көлгө келип, айылдардын өнүгүшүнө кол кабыш кылуу үчүн фонд түзүү сунушун беришти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, Россиядан келген мигранттар Ысык-Көл облусунун айрым айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана район башчылары менен жолугушууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө мигранттардын аткарган иштери, алдыга койгон максаттары жана ийгиликтери тууралуу сөз болгон. Ошондой эле жер-жерлерде айылдарды өнүктүрүү фонддорун түзүү сунушу берилди. Анын негизги максаты — айылдардын социалдык абалын жакшыртуу.

"Фонддун ишин ага мүчө болгон жергиликтүү тургундар, көз карандысыз комиссия карайт. Андагы каражаттар айылдын муктаждыктарына жумшалат", — деди кабарчы.

Жолугушууга Россиядагы "Ысык-Көл ынтымагы" коомдук фондусунун мүчөлөрү Акбар Маразыков, Кубанычбек Осмонбеков, Руслан Алыбаев, Азамат Абылгазиев, Рустам Каримбеков жана бир катар өкүлдөр келген.