Көзүңдү ала албайсың! Кыргызстан голландиялык сүрөтчүнүн объективинде

Sputnik

"Кыргызстанга биринчи жолу келгенде көп жерлерди көрүүгө үлгүрбөй калдым. Экинчи жолкусунда Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы жээгине барып, таң калтырган каньондорго күбө болдум. Бул сапар өзүм үчүн республиканын түштүк тарабын ачууну чечкем", — деп Дрос өзүнүн сайтына жазды.

Алаамат болгон Чернобылди байырлаган бугу, карышкыр, кундуз... Сүрөттөр
"Кыргызстан — түштүктүн кооздугу" аттуу эмгек өлкөнүн көз талдырган жаратылышын чагылдырат.

Голландиялык фотографтын айтымында, ал Ош облусунун чет-жакасын, Ленин чокусун, Арстанбаб коругун, Сары-Челек көлүн кыдырган. Ошондой эле Бишкектин четинен дагы бир нече сүрөт тарткан.

Альберт Дрос ири компаниялардын буйрутмасы менен эмгектерин жаратып келет. Анын тарткан сүрөттөрү бир нече ирет National Geographic, Time, The Daily Mail жана Huffington Post басылмаларынын биринчи бетине чыккан.

1 / 15
Ленин чокусу, дрондун жардамы менен тартылган
2 / 15
"Кечинде Ленин чокусунун базалык лагерине келгенибизде кар жаап салды. Бир сааттын ичинде эле айлананы ак басты", — деп эскерди Дрос
3 / 15
Ленин чокусунун четинде турган малчы
4 / 15
Арстанбабдагы таң. "Менин камерама түшүш үчүн бул чокуларга эки күн керек болду. Себеби жаан токтобой койгон эле", — деди сүрөтчү
5 / 15
Сүрөт Ленин чокусунан тартылган
6 / 15
Кар баскан тоолор...
7 / 15
Сары-Таш айылынын асмандан көрүнүшү. Туристтер менен альпинисттер Ленин чокусуна баруу үчүн так ушул жерден өтүшөт
8 / 15
"Кожо-Келен өрөөнүндө жүргөнүмдө жамгыр жаап, күн бүркөө болуп турду. Так ушундай аба ырайы керемет сүрөттү жаратты", — деп белгиледи Дрос
9 / 15
Сүрөттө кереметтүү Арстанбаб жаңгак токою
10 / 15
"Арстанбабдан кийин Сары-Челек көлүнө жөнөдүк. Бул жерге туристтер абдан көп келет. Эмнеге деп сурасаңыз жаратылыш өзү сизге жооп берет", — деп жазды сүрөтчү
11 / 15
"Бардык жердин өзгөчөлүгү бар", — дейт саякатчы
12 / 15
Голландиянын жараны бир күндүн ичинде жаратылыштын төрт сезонуна күбө болгонун билдирди
13 / 15
Ысык-Көлдүн түштүгүндөгү каньондор
14 / 15
Альберт Дрос өзүнүн эмгектерин расмий блогуна жана Facebook баракчасына жайгаштырды
15 / 15
Сүрөтчү анын Кыргызстанга болгон сапары башка планетада жүргөндөй сезим калтырганын белгиледи.