Ушу тапта Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевди иммунитеттен ажыратуу боюнча маселени карап жатат.
25-июнда Башкы прокуратура "Атамбаевдин беш кылмышка тиешеси болушу мүмкүн" деген тыянак чыгарып, корутунду ЖКнын тармактык комитетинде талкууланган. Натыйжада комитет экс-президентти иммунитеттен ажыратуу маселесин жалпы жыйында кароо сунушун киргизген.