Депутаттардын добуш берүү учурунун видеосу Facebook баракчасына жарыяланды.
Мыйзам боюнча мамлекет башчыларын "экс-президент" статусунан ажыратуу үчүн жалпы депутаттардын үчтөн эки бөлүгү добуш берүү керек. "КР президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө" мыйзамына ылайык, экс-президент кылмыш жоопкерчилигине аталган макамынан ажыратылгандан кийин гана тартылат.
Эске салсак, буга чейин Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссия түзүлгөн. Анын мүчөлөрү 17-июнь күнү Атамбаевге коюлуп жаткан айыптарды жарыялаган. 18-июнда комиссиянын ишинин жыйынтыгы Жогорку Кеңеште каралып, андан ары Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.