БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча маселени бүгүн карай турган болду.
Жогорку Кеңештин "Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевди статустан ажыратуу жөнүндө" токтом долбоору күн тартибине бешинчи маселе болуп кирди.
Буга чейин Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссия өз ишин 18-июнда аяктаган болчу.
Ал эми көзөмөл органы 25-июнь күнү парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде Алмазбек Атамбаевге атайын комиссия тарабынан коюлган алты айыптын бешөөнү негиздүү деп тапканын билдирген.
Анда экс-президент Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз алуу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна, акча адалдаган "Ака инвест" сыяктуу бир нече компанияга тиешеси бардыгы, Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер жана ТЭЦке көмүр ташыган компаниянын кызыкчылыгын коргоого тиешеси болушу мүмкүн экени айтылган.
Башкы прокурордун айтымында, ар бир иш боюнча Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") менен сотко чейинки тергөө жүргүзүлүп жатат.