Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан депутаттар. Тизме

Мыйзам боюнча мамлекет башчыларын "экс-президент" статусунан ажыратуу үчүн жалпы депутаттардын үчтөн эки бөлүгү добуш бериши керек.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча чечим кабыл алды. Аны 103 депутат колдоп, 6 депутат каршы болгон.

Мурдагы мамлекет башчысын экс-президент макамынан ажыратуу боюнча добуш берген эл өкүлдөрүнүн тизмеси төмөнкүдөй. 

Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан депутаттар. Тизме

Мыйзам боюнча мамлекет башчыларын "экс-президент" статусунан ажыратуу үчүн жалпы депутаттардын үчтөн эки бөлүгү добуш берүү керек. "КР президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө" мыйзамына ылайык, экс-президент кылмыш жоопкерчилигине аталган макамынан ажыратылгандан кийин гана тартылат.

Атамбаевдин макамы алынган соң иш эмнеден башталат. Башкы прокурордун жообу
Эске салсак, буга чейин Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссия түзүлгөн. Анын мүчөлөрү 17-июнь күнү Атамбаевге коюлуп жаткан айыптарды жарыялаган. 18-июнда комиссиянын ишинин жыйынтыгы Жогорку Кеңеште каралып, андан ары Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Ал эми көзөмөл органы 25-июнь күнү парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетте Алмазбек Атамбаевге атайын комиссия тарабынан коюлган алты айыптын бешөөнү негиздүү деп тапканын билдирген. Алар: Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз алуу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна, акча адалдаган "Ака инвест" сыяктуу бир нече компанияга тиешеси бардыгы, Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер жана ТЭЦке көмүр ташыган компаниянын кызыкчылыгын коргоо маселеси. Башкы прокурордун айтымында, ар бир иш боюнча Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") менен сотко чейинки өндүрүштөр жүргүзүлүп жатат.