Алексей Петрушевский УКМКнын тергөө абагына киргизилди

Буга чейин соттун биринчи инстанциясы Петрушевскийди үй камагына чыгарган.
Sputnik

БИШКЕК, 27 июн. — Sputnik. Балдарды жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборунун мурдагы директору Алексей Петрушевский УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын адвокаты Диляром Низамова билдирди.

Анын айтымына караганда, мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарды. Адвокат муну мыйзамсыз деп эсептейт.

"Укуктук негиздер жок. Ал жашынбады, тандалган баш коргоо чарасын дагы бузган жок. Кылмыш процессуалдык кодексинин бул беренесинде (320 — ред.) камакка алуу каралган эмес", — деди жактоочу.

Буга чейин Биринчи Май райондук соту Петрушевскийди УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан үй камагына чыгарган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча айыпталууда. Петрушевский 7-июнда кармалган.