Туура эмес кесип тандоонун негизги себеби — бул адамдын өзүн-өзү тааныбагандыгы жана өз жөндөмдүүлүгүн билбегендиги. Мындай пикирин Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жаштардын туура эмес кесип тандоосуна айлана-чөйрөнүн, жоро-жолдошторунун, жарнамалардын, ЖМКлардын, үй-бүлөсүнүн таасири абдан күч.
"Жогорку окуу жайга тапшырып жаткан абитуриенттер кайсы тармакка кызыгуусу жана жөндөмү бар экендигин билбесе, аларга кесип тандоо кыйын болот. Мындай учурда көпчүлүк айлана-чөйрөнүн таасиринен улам башкаларды туурап, өз дараметине дал келбеген тармактарды тандашат. Кыйынчылыктар башталганда капысынан келип калган студенттер окуусун таштап, убакыт менен каражатын текке кетиришет. Мындан улам жаштар мектепте окуп жургөн кезинде эле көңүлүнө жакын кесипти аныктап алганы жакшы. Эгер бала өзүнүн кызыгуусун, шыгын жана болочоктогу алектене турчу ишинин өзгөчөлүктөрүн алдын ала эле билген болсо, болжолдуу түрдө ал кесибин туура тандайт", — деди психолог.
Ошондой эле ал учурда коомдо балдар психологдору жетишсиз болуп жатканын кошумчалады.