Легендарлуу кыргыз саясатчысы тууралуу тасма тартууланат

Фильмдин материалдары бир жыл бою төрт мамлекеттин архивинен чогултулду.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Легендарлуу кыргыз саясатчысы Жусуп Абдрахманов тууралуу даректүү тасманын бет ачары өтүп, тар чөйрөгө көрсөтүлө турганын Аскар Салымбековдун фондусу билдирди.

Фильм бүгүн, 26-июнда, "Ала-Тоо" кинотеатрында саат 18.00дө тартууланат. Режиссёру — Эрнест Абдыжапаров, ал эми сценарийин Бакыт Орунбеков жазган.

"Режиссёр бир жыл бою Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстандан уникалдуу документтерди, сүрөт жана кинокадрларды чогултту. Ошондой эле Абдрахмановдун туугандары, жердештери жана замандаштары тартылды", — дешти уюштуруучулар.

Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналган кинокербен Таластан башталды
Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда азыркы Ысык-Көл облусундагы Чиркей айылында манаптын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн негиздеген адамдардын бири.

Ал 1937-жылы камакка алынып, ага антисоветтик террорист, Социал-Туран партиясынын түзүүчүсү деген жалган күнөөлөр коюлат. 1938-жылдын 5-ноябрында атылып, 1958-жылы гана толугу менен акталган.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан аты тарыхта калган саясатчы тууралуу кызыктуу фактыларды топтогон.