Жоламан Шаршенбеков дүйнөдөгү күчтүү үч балбандын катарына кирди

Рейтингдин сап башына Европанын жана дүйнөнүн чемпиону, азербайжандык спортчу Эльданиз Азизли чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде (UWW) дүйнөдөгү күчтүү үч балбандын катарына кирди. Бул туурасында уюмдун расмий сайтында айтылат.

Чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Шаршенбеков 55 килограмм салмактагы балбандардын тизмесинде үчүнчү орунга татыган.

Экинчи сапта өзбекстандык Азия чемпиону Ильхом Бахромов турат.

Рейтингдин сап башына Европанын жана дүйнөнүн чемпиону, азербайжандык спортчу Эльданиз Азизли чыккан.

Уюмдун соңку рейтинги 23-июнда жарыяланган.