"Достук кубогу": алгачкы беттеште Оштун командасы анжияндыктарды утуп алды

Аталган турнир 2019-жылдын октябрь айында жыйынтыкталат.
Sputnik

ОШ, 26-июн. — Sputnik. Ош облусунун өспүрүмдөрдөн куралган "Мөл булак" командасы футбол боюнча "Достук кубогу" турниринин алгачкы оюнунда Өзбекстандын Анжиян облусунан келген "Бостон" командасын 3:0 эсебинде жеңди. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясынын калысы Бахадыр Кочкаров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 25-июнь күнү, Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылындагы борбордук стадиондо футбол боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын өспүрүмдөрдөн куралган командаларынын ортосунда "Достук кубогу" турниринин алгачкы оюну өткөрүлдү.

Чолпон-Атада 20дан ашык өлкөдөн келген таэквондочулар күч сынашат
Турнирге Өзбекстандын Анжиян, Фергана, Кокон, Наманган облустарындагы футбол мектептеринин окуучуларынан түзүлгөн командалар келди.

Алгачкы беттештин жыйынтыгында жеңиш анжияндыктар менен оюн талаасына чыккан Оштун "Мөл булак" командасына буюрган.

Эки өлкөнүн жаш футболчуларынын арасында "Достук кубогу" алгачкы ирет уюштурулуп жатат.

"Мелдеш 2019-жылдын 2-3-июлунда Фергана, Наманган облустарында уланып, октябрда жыйынтыкталат", — деди Кочкаров.

Ал "Достук кубогу" турниринин демилгечиси болуп саналат.