ОШ, 26-июн. — Sputnik. Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө мигранттар үчүн ресурстук борбор ачылып ишке берилди. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн өкүлдөрү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Маалыматка ылайык, мигранттар үчүн ресурстук борбор Миграция боюнча эл аралык уюмдун демилгеси менен пилоттук негизде Ош облусунун Кара-Суу району жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда ачылды.
Максаты миграциялык коопсуздукту камсыздоо боюнча мигранттарга укуктук жактан кеп-кеңеш берүү жана адам сатууга каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.
Борборго кайрылгандар социалдык кызматтар туурасында, жумушка орношуу, адам сатууга каршы жана миграциялык коопсуздук боюнча суроолорго адистерден жооп ала алышат.
Миграция кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылы Кыргызстандын 750 миңдей жараны чет өлкөдө расмий каттоого алынган. Алардын 640 миңи Россияда иштешет.