Кытай Бишкекте өткөн ШКУ саммитинин чыгымын төлөп берет

Саммит июндун орто ченинде Бишкекте өткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Кытай Бишкекте өткөн ШКУ саммитинин чыгымын төлөп берет. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты.

Кытай Эл Республикасы 6 миллион 760 миң доллар бөлүүнү пландап жатат.

Бишкекте сооттолгон унаалар жолду тосту. Милиция эмне дейт?
Кыргызстандын Экономика министрлигинде эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан финансылык жардам көрсөтүү боюнча катка кол коюлду.

Тийиштүү катка Кыргызстандын экономика министри Санжар Муканбетов менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн кол койду.

ШКУнун саммити 13-14-июнда Бишкекте өткөн. Ага карата Кытай сооттолгон унааларды белекке берген.