Бишкекте сооттолгон унаалар жолду тосту. Милиция эмне дейт?

Унаалар Кытай өкмөтү тарабынан үстүбүздөгү айдын башында белекке берилген.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда сооттолгон унаалар жолду тороп турган видео Telegram каналындагы "Короче" тайпасына жарыяланды. Сүрөтүн болсо күбөлөр жөнөттү.

Анда көрүнүп тургандай, Чокморов көчөсүнүн Тыныстанов менен Эркиндик проспектиси кесилишкен аймагы торолгон. Жеринде Ички иштер башкы башкармалыгы менен Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери турат.

ШИИББдин маалымат кызматынан билдиришкендей, бул аймакта ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн жыйыны өтүп жатат. Ал эми милиция алардын коопсуздугун камсыздоодо.

Сооттолгон унаалар ШКУнун саммитинде Кытай өкмөтү тарабынан белекке берилген.