Алмазбек Атамбаев учурда кайсы жакта? Сүрөт, видео

Экс-президент Алмазбек Атамбаев учурда Кой-Таш айылындагы үйүндө чогулган тарапташтары менен жолугушту.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. 26-июнь күнү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары жана бир катар журналисттер анын Кой-Таштагы үйүнө барды.

Экс-президент КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов менен биргеликте тарапташтары менен жолугушуп, алардын бирин туулган күнү менен куттуктап, кол саат белек кылды. Мындан тышкары, журналисттердин бир нече суроосуна жооп берди.

"Маанайым жакшы, бүгүнкү күн дагы жагымдуу болуп турат. Болгону күн аябай ысыды, бирок баары жакшы болот", — деди Атамбаев.

Ал эми экс-президент макамынан ажыратуу маселеси боюнча суроого: "Жакында жазуу түрүндө билдирүү жасайм, окуйсуңар",- деп жооп кайтарды.

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн жанында эмне болуп жатат?
Эске салсак, буга чейин Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага күнөө коюу маселеси боюнча комиссия түзүлгөн. Анын мүчөлөрү 17-июнь күнү Атамбаевге коюлуп жаткан айыптарды жарыялаган. 18-июнда комиссиянын ишинин жыйынтыгы Жогорку Кеңеште каралып, андан ары Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Ал эми көзөмөл органына 25-июнь күнү парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетте Алмазбек Атамбаевге атайын комиссия тарабынан коюлган алты айыптын бешөөнү негиздүү деп тапканын билдирген.

Андан соң маселе парламенттин кароосуна жөнөтүлгөн.