Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн алдына бетон тосмолор коюлду. Сүрөт

Экс-президентке беш кылмыш боюнча айып коюлушу мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн алдына бетон тосмолор коюлду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын жерине барган кабарчысы билдирди.

25-июнь күнү парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Башкы прокуратуранын Алмазбек Атамбаев боюнча чечимин укту. Анда экс-президентке атайын комиссия коюп жаткан алты айыптын бешөө негиздүү деп табылганы айтылды. Эми аны экс-президент макамынан ажыратуу маселесин парламент карайт. Ал ортодо Атамбаев өз дарегине айтылып жаткан айыптоолорду каралоо деп баалаган.

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн жанында эмне болуп жатат?
Кабарчынын айтымында, тосмолор үйгө кире берген аллея тарапка жана дарбазанын алдына коюлган.

Эске салсак, буга чейин мурдагы өлкө башчынын үйүнө 300дөй тарапташтары чогулуп, алардын астына чыгып сүйлөгөн Атамбаев куралы бар экенин, өзүн-өзү коргой аларын айткан. Эртеси күнү кеңешчиси кеп сыйлыкка берилген курал тууралуу болуп жатканын айткан.