Трамп G20 саммитинде Путин менен жолугат

Саммит 28-29-июнь күндөрү өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Дональд Трамп "Чоң жыйырманын" Осакада өтө турган саммитинде Владимир Путин менен жолугат. Бул тууралуу РИА Новости АКШнын администрациясынын жогорку даражадагы өкүлүнө шилтеме берип жазды.

Трамп экинчи ирет президент болуу аракетин баштады
Маалыматка караганда, эки лидер Иран, Венесуэла жана Украинадагы кырдаал жана эки тараптуу мамилелер тууралуу кеп кылышат.

Мындан тышкары, аткаминер белгилегендей, Трамп Россиянын АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкен деген маселе боюнча дагы сөз козгойт.

Россиянын Тышкы иштер министрлиги болсо жолугушуу ишке ашышы керектигин маалымдаган.

Саммит 28-29-июнь күндөрү өтөт.