Гепард, леопард, пантера... Жырткычтардын кыргызчасын атап беребиз

Мышык жана ит түркүмүндөгү жырткыч жаныбарлардын кебетеси окшош келгендиктен, айтылышын чаташтырып алышыңыз ыктымал.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги "Тибиртке" рубрикасынын алкагында айрым жырткычтардын кыргызча аталышын тапканга аракет кылды.

Материалга Константин Юдахиндин орусча-кыргызча сөздүгү менен Абдулхай Алдашевдин "Биология терминдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгү" китеби пайдаланылды.

Барс — илбирс;

Леопард — кабылан;

Леопард дымчатый — ала мышык;

Пантера — кара кабылан;

Гепард — кара кулак шер;

Ягуар — Америка кабыланы;

Ягуарунди — даңгыт. Арстанга, жолборско түспөлдөш жырткыч айбан;

Тигр — жолборс;

Лев — арстан;

Рысь — сүлөсүн;

Каракал — чөл сүлөсүнү;

Манул — мадыл;

Шакал — чөө, көркоо.