Борбор Азияга кирүүгө аракет кылган террорчуларга Кыргызстан чара көрөт

Материалдык жактан жакшы камсыздалган эл аралык террордук уюмдар Борбор Азия аймагына кирүү пландарын түзүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Террорчулук менен күрөшүүнүн алкагында жасалып жаткан иштер тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Бишкекте өтүп жаткан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн "Евразия алкагында коопсуздук архитектурасын калыптандыруу: терроризм менен экстремизмге жамааттык жооп" форумунда айтып берди.

УКМК коңшу өлкөлөрдүн чекисттери менен террорго каршы операцияларды ишке ашырды
Ал "Ислам жихадынын биримдиги", "Джаамат Таухид ва Джиход", "Өзбекстандын ислам кыймылы" сыяктуу эл аралык террордук уюмдар материалдык жана адам ресурсу жагынан жетиштүү деңгээлде камсыздалып, Борбордук Азиянын аймагына кирүү пландарын түзүүдө.

Сагынбаевдин айтымында, Афганистандагы кырдаал террорго каршы чараларды кабыл алуу керектигин тастыктайт.

"Евразиялык аймак бандиттик түзүлүштөр менен экстремисттик топтордун бутасына алынып келет. Кооптуулукту эске алып, Кыргызстан окуянын терс жагдайда өнүгүп кетүүсүнө алдын ала даярдык көрүүдө", — деди ал.

Сагынбаев учурда тиешелүү пландар түзүлүп, окутуулар жүрүп жатканын кошумчалады.