Мобилдүү клиникалар элет жерин кыдырууну улантууда. Сүрөт

Азыркы тапта дарыгерлер нарындыктардын ден соолугун текшерип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Мобилдүү клиникалардын дарыгерлери Нарындын Жумгал жана Ат-Башы райондорун кыдырып, тургундардын ден соолугуна кам көрүүнү улантууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматта эки күндүн ичинде дарыгерлер 1865 адамды текшерүүгө үлгүргөнү айтылат. 

Мобилдүү клиникалар элет жерин кыдырууну улантууда. Сүрөт

"Кайрылгандардын баарына медициналык жана консультативдик жардам көрсөтүлүүдө. Бейтаптын абалына, оорусуна жараша толук кандуу дарылануу үчүн жолдомо берилип жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүн мобилдүү клиника өз ишин Жумгалдын Чаек жана Кызарт, ошондой эле Ат-Башынын Талды-Суу жана Ак-Муз айылдарында улантмакчы.