Сокулукта кызганычтан эркек киши сабалып, шектүү кармалды

Шектүү милиция кызматкерлерине айылдашы экөөнүн ортосундагы чыр аялдан улам чыкканын айтып берген.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Сокулук районунун Нижний Чүй айылында 48 жаштагы кишини сабады деген шек менен 38 жаштагы айылдашы кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБ маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, Сокулук районунун Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө 24-июнда Нижний Чүй айылынын тургунун бир нече адам сабап салды деген маалымат түшкөн.

"Окуя болгон жерге дароо эле укук коргоо органдары барып, 22 жаштагы баладан атасынын сабалгандыгы тууралуу арыз жаздырып кетишкен. Ал эми жабыркаган адам ооруканага жеткирилген. Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган", — деп жазылат маалыматта.

Карыганда күйөөм кызганып, балдардын ДНКсын текшертти. Айласы кеткен аялдын каты
Аталган кылмышка шектелип 38 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Колго түшкөн киши укук коргоо органдарына жабыркаган адам экөөнүн ортосунда кызганычтын айынан пикир келишпестиктер жаралып келе жатканын айткан. Шектүү төрт ай мурда аялы менен 48 жаштагы айылдашы экөөнүн байланышы бар экенин билип, ажырашып кеткен.

"24-июнь күнү болжол менен саат 19:30дарда айылдын көчөлөрүнүн биринен экөө кезигип калып чырдашып, шектүү айылдашын сабап салган", — деп жазылат билдирмеде.

Кармалган киши убактылуу кармоочу жайына киргизилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.