Жыл башындагы акчанын сыртка чыккан көлөмү рекорддук көрсөткүч болду. График

Каражаттын сыртка агылышы 12 миллион долларга өстү.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Ушул жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандан сыртка агылган каражаттын көлөмү 163,4 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлады.

Кеп жеке тараптардын акча которуу системалары аркылуу сыртка жиберген каражаты тууралуу болууда.

Бул мониторинг жүргүзүлө баштаган 2005-жылдан бери ушул төрт айлыктагы эң жогорку көрсөткүч. Мындай өсүүнүн себептери айтылган эмес.

Буга чейинки рекорд былтыр катталган. Анда көрсөткүч 150 миллион доллардан ашкан.