Бусурманкул Абдубаит уулунун M-1 уюмундагы беттеши жана атаандашы айтылды

Мелдеш 20-июлда Россиянын Таргим шаарында өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу M-1 уюмундагы кезектеги беттешин 20-июлда өткөрөт. Бул туурасында россиялык уюмдун Instagram баракчасында айтылат.

Беттеш Россиянын Таргим шаарында өтөт. Анда Бусурманкул Абдубаит уулу 66 килограмм салмакта украиналык Андрей Лежнев менен күч сынашат.

ТОП-5. UFC уюмуна бара алчу КР мушкерлеринин болжолдуу тизмеси
Лежнев M-1 уюмунун чемпиондук курунун мурдагы талапкери. ММА боюнча 18 беттешти утуп, 8 ирет утулган.

Бусурманкул Абдубаит уулу М-1 Global уюмунда 2017-жылдан бери күч сынашып келет. Алгачкы ирет бразилиялык Диего Давелло менен беттешип тең чыкса, кийинки реванш-кармашта Давеллону утуп алган. Ошондон кийин уюм спортчу менен эки жылга келишим түзүүгө кол сунган.

Соңку беттешинде М-1 уюмунун мурдагы чемпиону Максим Дивнич жана Залимбек Омаров аттуу мушкерлерди жеңген.

M-1 жыл башында кыргызстандык мушкер быйыл чемпиондук наам үчүн беттешүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдирген.