Суу агызып кеткен кулакты ээсине кайтарып беришти. АКШдагы окуя

Жээктен кулакты таап алган эс алуучулардын бири полицияга өткөрүп берген.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. АКШнын Түштүк Каролина штатындагы Бьюферт шаарынын тургуну Меррит Егер катуу толкундан улам кулагын жоготуп алган. Бул туурасында abcnews жазды.

Бир буттуу кыз "Италия сулуусу" сынагында финалга чыкты. Сүрөт
Меррит Егер (Merritt Yeager) үй-бүлөсү менен пляжга сууга түшкөнү барып, катуу толкундан улам протез кулагын жоготуп алган. Суунун агымы алып кеткен жасалма кулакты жакындары менен кошо таба албай коюшкан.

Егер эс алуусу бүтүп, Флориданын аймагынан кетип калгандан кийин жээктен кулакты таап алган эс алуучулардын бири аны полицияга өткөрүп берген.

Детектив Брайан Холл бул анын ишинде кездешкен биринчи окуя болгондугун айткан.

"Алгач, чыныгы кулакпы же жасалмабы түшүнгөн жокмун. Анан Facebook баракчабызга кулактандыруу бердик. Анткен менен ээси табылбайт болуш керек деп ойлогон элек", — деген ал.

Табылган кулак туурасында маалымат желдей тарап, акыры Егердин өзүнө жеткен. Ал полиция менен байланышып, кулак чындыгында эле аныкы экендигин далилдеп берген. Тартип сакчылар бир нече күндөн кийин протезди почта менен ээсине салышкан.