Балдарды коргоо борборунун ата-энелер үчүн сабак-тренингдерине катышуу менен балдарыма туура тарбия берүүгө аракет жасай баштадым. Мындай пикирин Назгүл Имамалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сабак алгандан кийин абал өзгөрүп, балдары оюн кенен айтып, сырдаша баштаган.
"Биз ата-энебизден алган тарбияны балдарыбызга беребиз деп жаңылышат экенбиз. Алардын чымчыганы же урушканы зомбулук болуп саналарын көпчүлүгүбүз биле бербейбиз. Сабактарга, тренингдерге катышуу менен балдарга кантип туура тарбия берсе болорун үйрөнө баштадым. Жыйынтыгында чоң өзгөрүүлөр байкалып, балдарым мени досундай көрүп, ойлорун ачык айтып, сырдашып калышты. Балдарга зордук-зомбулук көрсөтпөй өстүрсөк, алар да пикирин эркин айткан, ийгиликтүү адам болуп чыгат", — деди Имамалиева.
Ал ошондой эле өзү да зордук-зомбулуксуз бала тарбиялоо боюнча 20дай ата-энеге сабак өткөнүн кошумчалады.