БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Милиция Бишкектин жака белинен сууга агып каза тапкан 15 жаштагы кыздын окуясы боюнча сотко чейинки тергөө иштерин баштады. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББи билдирди.
Өспүрүм сууга 23-июнь күнү кечинде түшүп кеткен. Издөө иштерин ӨКМ куткаруучулары, милиция, ыктыярчылар болуп түнү менен жүргүзүшкөн. Жардамга Бишкек менен Чүйдүн ар кайсы жеринен келгендер да кол сунган. Кыздын сөөгү 24-июнь күнү түштө табылды.
Бишкек шаардык милициясынын айтымында, кырсык "Теплые ключи" эс алуу аймагында болгон. Кыз Арашан суусуна түшүп кеткен.
"9-класстын окуучулары класс жетекчиси жана бир нече ата-эне болуп эс алууга келишкен. Эки кыз суунун жанынан сүрөткө түшмөк болгон. Бири тайгаланып, сууга кулап түшкөн", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.