Жээнбеков Кумтөрдүн кирешесин күтпөй өнүгүүнүн башка жолун көрсөттү

Мамлекет башчы Кумтөрдөгү алтын казуунун көлөмү кыскарарын, мындан улам тоо-кен тармагындагы киреше 2 миллиард сомдон ашпай каларын эске салды.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кыргызстан жеңил өнөр жайы менен айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө басым жасап, алтын казуунун кирешесинен көз карандылыгын жойсо болот. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Өнөр жай жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мамлекет алдында чоң сыноо турат — Кумтөр кениндеги алтын казуунун көлөмүнүн кыскарышынан тоо-кен тармагындагы киреше 2 миллиард сомдон ашпайт.

"Демек бул кемтикти башка өндүрүш менен толтуруу керек. Бүгүнкү күндө өнөр жайдын абалы алтын казуу жана аны экспорттоого байланыштуу.  Бул жааттагы өзгөрүү биздин өнөр жайды артка тартат. Мындан улам өкмөт алтын казуудан тикелей көз каранды болгон абалга каршы турууга жөндөмдүү концепцияга өтүшү керек", — деди Жээнбеков.

Жээнбеков түзгөн ишкерликти өнүктүрчү комитеттин ишти эмнеден баштары айтылды
Президент каражаттын жетишсиздигинен мамлекет өнөр жайдын бардык тармагына жардам берүүгө алсыз экенин белгилеп, жеңил өнөр жайы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жаатына басым жасады. Жээнбековдун айтымында, бул тармактар ушу тапта элди жумуш орду менен камсыздап, башка багыттардын өнүгүшүнө да түрткү боло алат. Мамлекет башчы эгер бул тармактарга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлсө, эселеп киреше алууга болорун кошумчалады.