БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Өнөр жай жана ишкерликти өнүктүрүүчү комитеттин биринчи жыйынына катышып, ал эмне менен алектенерин айтып берди.
Комитетти түзүүнү президент демилгелеген.
"Бул кошумча түзүлгөн мамлекеттик орган эмес, актуалдуу маселелерди талкуулай турчу аянтча болот. Биз пикир алышууга кызыкдарбыз. Бул жерде бизнес-коомчулуктун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү отурат, комитетке 25 киши кирди", — деди Жээнбеков.
Президент мамлекеттик органдардын аракетине карабай өнөр жайда байкаларлык жылыш жок экенин айтты.
"Ишкерлерге эмне жолтоо болуп жатат деген сурамжылоо жүрдү. Айтылган пикирлер мамлекеттик органдардын буга чейинки тыянактарына каршы келүүдө. Азырынча бизнес менен мамлекеттик органдардын ортосунда диалог түзүү мүмкүн болбой жатат. Буга жетишүү үчүн болгон арактибизди жумшашыбыз керек", — деди мамлекет башчы.
Жээнбеков комитеттин төрагасы, ал эми биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов менен Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков анын орун басарлары болуп бекиген.