Казакстандагы жарылуу: элдин эвакуацияланышы видеого түшүп калган

Жарылуу 24-июнда болжол менен саат 9.20ларда Арыс шаарындагы №44856 аскер бөлүгүндө болгон.
Sputnik

Бишкекте жарылуу болгон жердин асмандан көрүнүшү. Видео
Кадрларда жоокерлердин элди эвакуациялап жатканын көрүүгө болот. Ушул тапта жарылуулар болуп, бомбанын осколкалары туш тарапка чачырап жатат. Аскерлер жолдон өтүп бараткан унааларды токтотуп, адамдарды ала кетүүсүн айтууда.

Алдын ала маалымат боюнча, жарылуу эл жашаган райондордун жанында болгон. Ушу тапта 46 кишинин жабыркаганы маалым болду. Ондогон автобустар элди ташып жатат. Арыста жалпы жонунан 43 миң киши жашайт.

Ушу тапта облус акими Умирзак Шукеев башында турган жумушчу топ түзүлдү.