Алаамат болгон Чернобылди байырлаган бугу, карышкыр, кундуз... Сүрөттөр

Sputnik

Легендага айланып, имиштер ээрчиген бул жерлерде кандай тири укмуштуу делген жаныбарлар жашай турганын атайын сүрөттөр түрмөгүнөн көрө аласыз. Аны Sputnik Казакстан жасаган.

Чернобыль АЭСиндеги авария 1986-жылы 26-апрелде Украина ССРине караштуу Припять шаарынын жанында болгон. Кырсыктан кийин бул жер 30 чакырымдык аралыкта атайын тосулуп, бүгүн радиоактивдүү жер кыртышы ачык аймак катары белгиленген.

Чернобыль апаатынан кийинки биринчи архивдик кадрлар
Чын-төгүнү аралаш "Чернобыль" сериалы чыккандан кийин бул жерге туристтердин агымы арбыган. Сапарга чыккандар канабайрам болуп талкаланып, тымтыракайы чыккан кароосуз, ээн калган жерлерди көрөбүз деп келишет.

Анткен менен бул мезгилде Чернобыль АЭСинин айланасы жапайы жаныбарлар байырлаган корукка айланып барат. Алардын ичинен Кызыл китепке киргизилген жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү көрүүгө болот. Флора менен фауна улам кеңейүүдө.

Жаныбарлардын катарын түлкү, карышкыр, коен, бугу, каман жана башка бир тобу толуктаган. Саздар менен коюу токойдо үкүлөр, кара илек-илектер, бүркүттөр көп. Капыстан ал жерден сүлөөсүн, кашкулак же кундуз көрүп калсаңыз, таң калып деле кереги жок.

Адам колу менен талкаланган жерди жаратылыш акырындап өзү калыбына келтире баштагандыгын байкоо кыйынчылык деле жаратпайт.

1 / 10
Дүйнөнү солк эттирген 1986-жылкы кырсыкта аталган аймакка тараган радиациянын бир бөлүгү кызыл карагай жыш өскөн ушул токойго да тийген. Себеби, аталган жай Чернобыль АЭСинин жанында жайгашкан эле. Ошол күндөгү алааматтан кийин жабырланган, ууланган, жок болгон жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсү жай болсо да калыбына келе баштады. Бирок дарактарга зыяндуу нур сиңип калгандыктан, адамдын узак убакытка калуусу али кооптуу делет. Анткен менен жапайы жаныбарлар ал жерге акырындап келе баштаган. Сүрөттө: Чернобыль атомдук электр станциясынын 4-блогунун саркофагы
2 / 10
Чернобылдагы өзөктүк кооптуулук борбору жапайы жаныбарлардын организми терс факторлор, анын ичинде химиялык булгануулар менен өзү күрөшөрүн айтты.
Сүрөттө: Черобылдин тосулган аймагынын ичиндеги бүркүт. Бул күчтүү жаныбардын канчалык жабыркагандыгын эч ким билбейт.
3 / 10
Түнү жойлоп жүрүп фотокапканга түшүп калган жаныбар. Тумшугу, маңдай жагынан караганда енотко абдан окшош. Анткен менен адистер аны енот түрүндөгү ит деп аташкан.
4 / 10
Бул сүрөт эмнегедир кино тартыла турган жайды элестетет экен. Орнотулган фотокапканга ар кыл жаныбарлар түшкөн. Алардын ээн калган айылдарды аралап, имараттарга түнөп калышарын айтышат. Сүрөттө көк карышкыр. Кебетесинен жүдөгөн деп айтууга болбойт.
5 / 10
Эксперттердин айтымына караганда, бул жайга адам бутунун баспай калышы жаныбарлардын көбөйүшүнө, өрчүшүнө өзүнүн оң таасирин тийгизген.
6 / 10
Чернобылдин тосулган аймагынын ичине Украинанын 11 жаратылыш коругу жайгашкан. Бугуну камалап турган карышкырлар.
7 / 10
Тосулган аймакта багыш, бугу, жапайы каман, карышкыр жана жаныбарлардын башка түрлөрү бар. Окумуштуулар мезгил-мезгили менен аларды кармап, аномалиясын изилдеп турат. Алардын арасында альбинизм (эч бир башка түстөгү тагы жок, аппак болуп калуу же туулуу) көп кезигет экен.
Сүрөттө: фотокапканга түшүп калган карышкыр
8 / 10
Чернобыль аймагындагы жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүн изилдөө 2015-жылы башталган. Андан бери окумуштуулар бул жерден бир топ жаныбарлардын сүрөтүн тартып алды. Демек, бул токойдо ошончо жаныбар жашайт деген сөз. Алардын арасында аюу жана зубрдун бар экени да айтылып келет.
Сүрөттө: балык жеп жаткан кол башындай канаттуу
9 / 10
Бул аймакта сейрек кездешкен жаныбарлардын 19 түрү катталганы айтылды. Алардын ичинде сүлөөсүн, кашкулак, кара илек-илек жана бүркүттөр бар дешти.
Сүрөттө: кар үстүндө желип келе жаткан сүлөөсүндөр
10 / 10
Пржевальский жылкылары бул жерге кадимкидей көнүп кеткен. 1990-жылдардын башында бул жерге аталган жаныбарлардын бир нечеси кое берилген. Азыр алардын саны 100гө чейин жеттти. Бир караганда качырга, бир караганда кадимки эшекке окшоп кетет.