БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкектеги университеттердин биринде АКШнын элчилигинде иштеген кызматкер 4-курстагы студентти коюп, окуя болгон жерден кетип калды. Бул тууралуу жабырлануучунун таанышы Nuraiym Aitkulova Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, окуя 18-июнда болгон. Рулда АКШнын жараны бараткан. Кырсыктан кийин окуянын күбөсү унаасы менен аялды кууп жеткен.
"Аял транзиттик унаада баратканын жана кол тийбестиги бар экенин айтып сыртка чыкпай койду. 6-7 мүнөттөн кийин АКШнын аскер формасын кийген кишилер келди", — деди күбө.
Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, топтолгон материалдар Бишкек ШИИБдин тергөө бөлүмүнө жөнөтүлдү.
АКШнын элчилиги Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына алардын кызматкери адамды коюп кеткенин ырастады.
"Жол кырсыктан кийин элчиликтин кызматкери унаасын жол четине токтотуп, окуя болгон жерде бийлик өкүлдөрү менен кошо болгон", — дешти элчиликтен.
Ошондой эле элчиликтин өкүлдөрү маселени чечүү үчүн жигит менен байланышка чыгышканын айтышты.