БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Америкадагы Техас штатынын жашоочусу Лиз Эванс 200 килограмм салмагын таштагандан кийин туруп басканга жарап калгандыгын канааттануу менен айтып берген. Бул туурасында The Sun басылмасы жазды.
Ал бала кезден фастфуд менен таттуу тамактарды көп жегендигин, муну өгөй атасы алты жашында зордуктагандан кийин стрессин жеңилдетүүнүн адаты кылып алгандыгын билдирген.
Атайын арабанын жардамы менен басууга жарап калгандан кийин дагы 20 килограммга арыктаган. Медиктер анын сол бутундагы шишикти алганы менен операциядан кийин буту ооругандан корккон аял басуудан заарканып калган.
Дарыгерлер ага эгер тамак-ашын жөнгө салбаса жана кыймылдабаса дивандан өмүр бою турбай каларын эскерткен. Мындай кабардан кийин Эванс кадимкидей аракет кылып, тамагын мүнөздөп ичип, эки айда 22 килограмм таштаган.
Эки жылдан кийин байкаларлык арыктап, тараза 209 деген санды көрсөтүп, аял таягы жок өз алдынча басууга жарап калган.