Аламүдүн суусуна кулап кеткен 15 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Кырсык кечээ кечинде болгон. Куткаруучулар кыздын сөөгүн бүгүн түшкө маал табышты.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 15 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Кырсык 23-июнь күнү кечинде болгон. Ата-энеси, жакындары, ӨКМ кызматкерлери жана окуяга кайдыгер карабагандар түнү менен издөө иштерин жүргүзүштү.

Бүгүн дагы 80 куткаруучу, милиция кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар тартылган. Жардам берүүгө Бишкек менен Чүйдүн ар кайсы жактарынан да адамдар келгени айтылды.