УКМК: аймактар аралык чагымчылдык кылгандар жазаланат

УКМК күмөндүү постторду жарыялаган аккаунттардын артында кимдер турганын аныктоо үчүн ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп турмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык чагымчылдыкка алып келген материалдарды жарыялаган жарандар мыйзам чегинде жазаланат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалымат кызматынан кабарлашты.

"Кимдир бирөөгө жалган-жалаа жапкан мындай материалдар өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна жарака кетирүү максатында жарыяланып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

УКМК мындай маанидеги постторду жарыялаган аккаунттардын артында кимдер турганын аныктоо үчүн ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп турмакчы.

Ошондой эле комитет региондор аралык жаңжалга чакырган материалдар үчүн мыйзам чегинде жоопкерчилик каралганын эскертет.