Нарында IX эл аралык шырдак фестивалы өтөт

Иш-чаранын алкагында "Мыкты шырдак", "Мурас шырдак" номинациялары боюнча эмгектер тандалат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Нарында шырдак боюнча IX эл аралык фестиваль уюштурулат. Бул тууралуу Соода өнөр-жай палатасынан билдиришти.

Өмүрбек кызы: Бишкекте "Мыкты боз үй" аттуу кароо-сынак өтөт
Маалыматка ылайык, "Кыргыз шырдагы" аталышындагы иш-чара 28-29-июнь күндөрү Нарын шаарындагы Муратбек Рыскулов атындагы облустук академиялык драма театрында өтүп, өлкө аймагынан чогулган кол өнөрчүлөр катышат. Анын алкагында "Мыкты шырдак", "Мурас шырдак" номинациялары боюнча эмгектер тандалып алынат. Байге фонду 300 миң сом.

Фестивалдын максаты - кыргыз шырдагын, боз үйүн, жүндөн жасалган буюмдарды жайылтуу, кол өнөрчүлөрдүн эмгектерин чет өлкөгө сатуу болуп саналат.

Өткөн жылы аталган саамалыкка эки миңге жакын адам катышкан.