Кыргызстандын куйруктуу кочкорлору Казакстандагы фестивалга катышууда. Сүрөт

Көргөзмөдө кочкорлордун бой, салмак жана дене түзүлүшүнө баа берилери айтылды.
Sputnik

ТУРКЕСТАН, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстандык фермерлер Казакстанда өтүп жаткан асыл тукумдуу кочкорлордун фестивалына катышууда. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Фестиваль Туркестан облусундагы Сайрам районунун Колкент айылында өтүүдө.

Анда Кыргызстан менен Казакстандын командасы күч сынашып жатат. Буга чейин Россиянын, Өзбекстандын жана Тажикстандын командалары да ат салышары маалымдалган. Уюштуруучулардын айтымында, алар фестивалда калыстык милдетти аткармай болду.

Нур-Султанда өтчү Евразия кинофестивалына Кыргызстандан "Аврора" барат
Иш-чаранын негизги бөлүгү кочкорлордун көргөзмөсү болуп саналат. Анда малдын бой, салмак жана дене түзүлүшүнө баа берилет. Сынак кочкорлордун жаш курагына жараша өтөт.

Ошондой эле фестивалдын алкагында кой кыркуу, кой союп, устукандоо, тамак жасоо боюнча номинациялар каралган.

Кыргызстандык фермерлер фестивалга 15 асыл тукум кочкор алып келишкен.

Жеңүүчүлөр кубок жана дипломдор менен сыйланары айтылды.

Иш-чараны казакстандык "FERMER.KZ" коомдук бирикмеси уюштурууда. Фестиваль быйыл экинчи ирет өтүп жатат.