БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Борбор калаада дзюдо боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Kyrgyzstan Open 2019 аталышындагы спорттук иш-чара 27-28-июнда Бишкектеги "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда уюштурулат.
Эмгек сиңирген машыктыруучу Петр Тельпизовдун жаркын элесине арналган турнирге Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россиядан чогулган спортчулар катышат.