Атамбаевдин кеңешчиси экс-президенттин банктагы эсеби боюнча үн катты

Билдирүүдө соттун тизмесинде Раиса Атамбаеванын маркум агасын да кездештирүүгө болору айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Алмазбек Атамбаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси Кундуз Жолдубаева экс-президенттин жана анын жакындарынын банктагы эсептерин текшерүүгө чыгарган токтому боюнча билдирүү таратты.

Эскерте кетсек, бүгүн Биринчи Май райондук соту бир канча коммерциялык банктардан экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнө жана бир катар адамдарга тиешелүү эсептердеги депозиттер менен ячейкалардан документтерди алып чыгууга уруксат бергени тууралуу айтылган.

Жолдубаева аталган маалыматка тактоо киргизип коюуну туура көргөн. Анын айтымында, сот чечими тууралуу Атамбаевди жана анын үй-бүлөсүн кабардар кылган эмес.

“Экинчиден, Алмазбек Шаршеновичтин депозиттик эсеби да, банк ячейкасы да жок. Жалгыз эсеп Раиса Атамбаеваныкы, камакка ошол эсеп алынган. Үчүнчүдөн, тизмеде экс-президенттин жубайынын маркум агасы да жүрөт”, — деп жазган Жолдубаева.

Атамбаевдин айланасындагы ызы-чуу. Негизги 13 суроого жооп
Анын кайрылуусунда аталган тизмеде Атамбаевге тууганчылыгы жок күзөт кызматынын мурунку жетекчиси Дамир Мусакеевди да кездештирүүгө болору келтирилген.

Эске салсак, буга чейин Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссия түзүлгөн. Анын мүчөлөрү 17-июнь күнү Атамбаевге коюлуп жаткан айыптарды жарыялаган. 18-июнда комиссиянын ишинин жыйынтыгы Жогорку Кеңеште каралып, андан ары Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Эми аталган орган бир жуманын ичинде комиссиянын корутундусуна юридикалык баа бериши керек.