Радио

Турсунбаев: Таттыбүбүнүн сулуулугун бейиттен байкадым

Таттыбүбү Турсунбаеванын бир тууган агасы, КР эмгек сиңирген артисти Нуркан Турсунбаев карындашынын көзү тирүү кезинде анын эл суктанган чырайына маани бербегендигин айтты.
Sputnik
Турсунбаев: Таттыбүбүнүн сулуулугун бейиттен байкадым

Таттыбүбүнүн сулуулугун аны акыркы сапарга узатып жатып бейиттен байкадым. Бул тууралуу Нуркан Турсунбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасына маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Чыңгыз Айтматов үчүн Таттыбүбү Турсунбаева анын чыгармалары боюнча тартылган көркөм тасма жана театрдагы пьесалардын башкы каарманы болчу.

"Таттыбүбү экөөбүз кичинебизден катар жүрүп, эгиз козудай бирге чоңойдук. Мен үчүн ал карапайым кыргыз кызынын бири болчу. Учурунда анын эл суктанган чырайына маани деле бербептирмин. Карындашымды акыркы сапарга узатып жатканда аны менен коштошуу үчүн Чыңгыз Айтматов да келди. Ал Таттыбүбүнүн жүзүн ачып, чекесинен өптү дагы "Кош бол, Таттуу" деп буркурап ыйлап жиберди. Ошондо гана карындашымдын мөлтүр тунук жүзүн көрүп, буга чейин мага билинбеген сулуулугун байкадым", — деди Турсунбаев.

Ошондой эле ал Таттыбүбү Турсунбаеванын өлүмү бүгүнкү күнгө чейин табышмак бойдон калып жаткандыгын кошумчалады.