Бишкектеги аллеяда 200дөй адам йога менен машыкты. Флешмобдун сүрөттөрү

Иш-чараны өткөрүүгө Индиядан атайын инструкторлор келген.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Борбор калаанын чок ортосунда 200гө чукул адам йога менен машыккан флешмоб өттү.

Иш-чараны Индиянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана Бишкек шаарынын мэриясы уюштурган. Элчиликтин маалыматына ылайык, флешмобго Индиядан атайын тажрыйбалуу инструкторлор чакыртылган.

Эл аралык йога күнүнө карата уюштурулган иш-чара Курманжан датка эстелигинин алдындагы аллеяда болду.

Бүткүл дүйнөлүк йога күнү БУУнун резолюциясы менен 2014-жылдан бери 177 өлкөдө белгиленип келет. Анын ичинде Кыргызстан да бар.