Жалал-Абадда реанимацияда жаткан өспүрүм кыздын агасы дарыгерди сабап салды

Кыздын агасы мас абалында болгон.
Sputnik

ОШ, 22-июн. – Sputnik. Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасына аттракциондон кулап, оор абалда түшкөн кыздын жакыны дарыгерди сабап салды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Жалал-Абадда аттракциондон кулаган кыз ооруканага түштү
Эске салсак, 2-июнь күнү облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн жашоочусу – 14 жаштагы өспүрүм оор абалда түшкөн. Ал 1-июнь күнү Токтогул сейил багындагы аттракциондон кулап кеткен

Кызды көрүүгө энесине гана уруксат берилген. Бирок карындашынан кабар алам деген киши эшикти ачкан дарыгерге кол көтөргөнү маалымдалды.

"Дарыгер башынан жаракат алып, мурду эки жеринен сынган. Аны сабаган киши мас абалында болгон", — дешти милициядан.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүмү боюнча ("Ээнбаштык") катталды. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.