Өзбек жарандарына курал алып жүрүүгө уруксат берилди

Куралды алып жүргөн адамдарга өзүн жана башкаларды коргоо үчүн өтө зарыл болгон учурда гана колдонуу сунушталат.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Өзбекстан парламентинин сенаты 21-июнь күнү "Курал жөнүндө" мыйзамды кабыл алды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Казакстан менен Өзбекстан Аралдын түбү боюнча чек арасын аныктайт
Документте куралдарды кызматтык, аскердик жана жарандык кылып үч топко бөлүшкөн. Алгачкы эки топко киргендерди аталышы айтып тургандай эле аскер, укук коргоо жана атайын кызматтардын өкүлдөрү колдонот. Ал эми жарандык курал катардагы атуулдарга деле бериле берет.

Ал үчүн адамдын жашы 18ден өтүүсү жана Улуттук гвардиядан атайын уруксат алуусу керек.

"Жарандык куралды атуул уруксат кагазын көтөрүп барып сатып алат дагы тиешелүү органдардан каттоодон өткөрөт. Кийин адам өзүн коргоо үчүн ошол гана куралды пайдалана алат. Андан башка тапанча, мылтык, бычак сыяктуу куралдарга мыйзам жол бербейт. Баса, жарандык куралды эл көп чогулган же коомдук жайларда алып жүрүүгө болбойт. Ошондой эле мас болуп калган адам аны үйүнө таштап чыгышы шарт", — деп жазылат макалада.

Куралды алып жүргөн адамдарга өзүн жана башкаларды коргоо үчүн өтө зарыл болгон учурда гана колдонуу сунушталат.