Нур-Султанда өтчү Евразия кинофестивалына Кыргызстандан "Аврора" барат

Аталган иш-чара бир жумага созулат. 1998-жылы негизделген фестиваль Борбордук Азиядагы ири кинофорум болуп саналат.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 30-июнунда Нур-Султан шаарында баштала турган Евразия эл аралык кинофестивалына Кыргызстандан режиссёр Бекзат Пирматовдун "Аврора" тасмасы катышат. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондусунан билдиришти.

Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналган кинокербен Таластан башталды
Өлкө атынан катыша турган толук метраждуу тасма фестивалдын негизги бөлүгүндө сегиз картина менен ат салышат.

Бул иш-чара бир жумага созулат. 1998-жылы негизделген фестиваль Борбордук Азиядагы ири кинофорум болуп саналат жана аталган аймактагы киноиндустрияны колдоо жана өнүктүрүүнү максат кылат.

"Аврора" — СССР убагында курулган Ысык-Көлдөгү ири пансионат. Тасмада ал жалпы өлкөнүн Советтер Союзу кулагандан кийинки абалын чагылдырат.