Ноокендеги жайлоодо жоголуп кеткен бөбөк бир суткадан кийин табылды. Сүрөт

Поиски 2-летнего мальчика в Жерде-Айгыр
Издөө иштерине жергиликтүү тургундар дагы тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Ноокен районундагы Токоол-Ата токой чарбасына караштуу Жерде-Айгыр жайлоосунда 20-июнь күнү жоголуп кеткен эки жашар наристе табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Ноокендеги жайлоодо жоголуп кеткен бөбөк бир суткадан кийин табылды. Сүрөт
Ноокендеги жайлоодо жоголуп кеткен бөбөк бир суткадан кийин табылды. Сүрөт

"21-июнда саат 12:30дар чамасында куткаруучуларга 20-июнь күнү саат 14.00дөр чамасында эки жашар бөбөк жоголуп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Мындан улам куткаруучулар милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар менен биргеликте издөө иштерин баштаган", — деп айтылат маалыматта.

Натыйжада 21-июнь күнү саат 17:50лөр чамасында куткаруучулар жайлоодогу чатырдан беш чакырым алыстыкта сай бойлоп бара жаткан бөбөктү табышкан. Абалы жакшы.