Радио

Козубекова: цирк кызматкерлерине чоң колдоо керек

Кыргыз циркинин алгачкы артисттеринин бири Светлана Козубекова кыргыз өкмөтү циркке көңүл буруп, ал жакта эмгектенгендерге таяныч болушу керектигин айтты.
Sputnik
Козубекова: цирк кызматкерлерине чоң колдоо керек

Эгерде кыргыз циркине жеткиликтүү көңүл бурулбаса, ал жок болуп кетиши мүмкүн. Мындай пикирин Светлана Козубекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө циркте таланттуу кыздар, балдар арбын.

"Цирк артисттери ийгилик жаратуу үчүн абдан көп эмгектенишет. Убагында мыкты артисттер циркти таштап кетип калган учурлар көп болгон. Эгерде циркке колдоо болбосо ал жок болуп кетиши деле мүмкүн. Бүгүнкү күндө кыргыз циркинде таланттуу кыздар, балдар көп. Андыктан өкмөт азыркы учурда аларга таяныч болуп, ар тараптуу колдоо көрсөтүшү керек", — деди Козубекова.

Ал ошондой эле циркте кызмат кылуу оор экенин белгиледи.