Атамбаевдин Кой-Таштагы эл чогулган үйүндө эмне болуп жатат. Сүрөттөр

200дөй киши үйдүн короосундагы боз үй-чатырдын ичинде отурат.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө тарапташтарынын жыйыны башталды. Ага экс-президент өзү жана жубайы Раиса Атамбаева катышып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин жерине барган кабарчысы билдирди.

200дөй киши үйдүн короосундагы боз үй-чатырдын ичинде отурат.

Атамбаевдин күнөөсү аныкталбаса, ким кандай жазага тартылат? Комиссиянын жообу
Катышуучулардын арасынан Анвар Артыков, Асел Кодуранова, Карамат Орозова сыяктуу парламент депутаттарын жана КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязовду көрүүгө болот.

Арашан жана Кой-Таш айылдарынан келген тарапташтар Атамбаевге колдоо сөздөрүн сүйлөп жатат.

Буга чейин депутат Ирина Карамушкина экс-президенттин үйүнө жакындары, достору жана аксакалдар саясий кырдаалды талкуулоо үчүн чогулганын билдирген.