Кыргызстандык Кемел Токобаев Африка кубогунда иш алып барат

Африка кубогу 21-22-июнда башталган, эми 19-июлда жыйынтыкталмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кыргызстандык футбол комиссары Кемел Токобаев Африка кубогунун алкагында стадиондордун биринин башкы координатору болуп шайланды. Бул туурасында КРдин Футбол федерациясынан кабарлашты.

"Дордой" клубу “Алтын Асырга” жеңилди. Байматов өз дарбазасына гол киргизип алды
Африка кубогу 21-22-июнда башталган, эми 19-июлда жыйынтыкталмакчы. Мелдеште жалпысынан 24 курама команда ойнору айтылды. Анда Кемел Токобаев Каирдеги мелдеш өтө турчу "Аль-Салам" стадионунун башкы координатору болуп шайланган.

Токобаев Азия футбол конфедерациясынын (АФК) комиссары катары 2008-жылы, ал эми Эл аралык футбол федерациясынын президенти катары 2011-жылы шайланган.