Адамдардын көбү китеп окуйт, бирок ошол эле маалда ден соолугун чыңдап, спорт менен машыгууну унутта калтырат. Мындай пикирин Азирет Анарбай уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Акыл-Билек" билим, спорт жарышы катышуучуларды билим жактан да, спорт жактан да мыкты болууга үндөйт.
"Бул жарыштын келечеги кең деп ойлойм. Алдыдагы жылдарда Соң-Көл, Сары-Челек сыяктуу Кыргызстандын кооз жерлеринде долбоорду кеңейтип, улантууну көздөп жатабыз. Жарыштын катышуучулары китеп окуу менен биргеликте спорт менен машыгышат. Анткени учурда көпчүлүк эле билимин жогорулатып, бирок өзүнүн ден соолугуна анча көңүл бура бербейт. Биздин максат — Кыргызстанды билимдүү жана ден соолугу бекем эли бар өлкөлөрдүн сап башына чыгаруу", — деди Анарбай уулу.
Ал аталган долбоор быйыл алгачкы ирет ишин баштаганын кошумчалады.