Пляждардын өлүмгө жетелеген кооптуулугу айтылды. Иликтөө

Vibrio vulnificus бактериясы 13 градустан жогорку температурада жашайт.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. АКШдагы Купер университетинин окумуштуулары пляждардын жаңы аныкталган кооптулуугу тууралуу жар салышты. Иликтөө Annals of Internal Medicine журналына жарыяланган.

Мында кеп Vibrio vulnificus деп аталган коркунучтуу бактериялар тууралуу сөз болууда. Ал адам организмине деңиз азыктары жана сууга түшүп жаткан маалда ачык жаракаттар аркылуу кирери аныкталган.

"Иликтөө учурунда глобалдуу жылуулуктан улам аталган бактериялар түндүктү көздөй ооп бара жатканы билинген. Бул мителер 13 градустан жогорку температурада жашайт", — деп айтылат макалада.

Муну менен бирге бактериялар саламаттыкка анчейин зыян эместиги да кошумчаланат. Бирок айрым учурда некротикалык фасциитти шарттап, бул өз кезегинде буту-колду ампутациялоого же адам өлүмүнө алып келет.

Макалада кооптуулукка көбүнесе иммундук системасы начар адамдар кабылары белгиленет.