Ур-токмоктон качып... Оштогу атасына бараткан кыздардын эжеси табылды

Кыздар 20-июнь күнү кечинде Батыш автобекетине барышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Ош облусунда жашаган атасына качып бара жаткан эки кыздын Бишкектеги эжеси табылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Эске салсак, 20-июнь күнү кечинде Акыйкатчы институтуна такси айдоочусу 7 жана 11 жаштагы эки кыздын Ошко бара жаткандыгы тууралуу кабар берген. Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева кыздарга кезигүү үчүн бекетке барып, окуянын чоо-жайын билген. Окуучулар атасынын бир тууганынын ур-токмогунан качып, Ошко кетип бата жатканын айткан. Андан соң кыздар Бишкек шаардык Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун кызматкерлерине өткөрүп берилген.

"Энеси 2017-жылы каза болгон кыздарды атасынын Бишкек шаарында турган эжеси багып жүргөн экен. Өзүн алардын эжесимин деп тааныштырган 50 жаштагы аял Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборуна келди. Ага сиңдилерине аталган жайга келип кезигип турууга гана уруксат берилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Москвада күчкө салып кармап турушат! Апасын алдаган кыргызстандык кыз табылды
Эжесинин айтымында, багуусундагы кыздар ал конокто жүргөн кезде качып кетишкен. Ал эми кыздарга кандай мамиле кылгандыгы тууралуу айтылган эмес.

Атасы Ош облусунда жашап, куруучу болуп иштей турганы белгилүү болду. Бирок туруктуу жашаган жери жок болгондуктан, кыздарын эжесине ишеним кат менен таштап кеткен.

Маалыматка караганда, анын өзү менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Ал эми Октябрь райондук администрациясынын кызматкерлери кыздар буга чейин жашаган үйдүн шартын текшермей болушту.